Коомдук унаада жаңжал чыгарган аялдын үстүнөн айдоочу арыз жазды

Коомдук унаада жаңжал чыгарган аялдын үстүнөн айдоочу арыз жазды

Кечээ, 23-ноябрда Бишкектеги коомдук унаалардын биринде жүргүнчү менен айдоочунун ортосунда жаңжал чыккан видео социалдык тармактарда тараган. Бул окуя боюнча Шаардык транспорт башкармалыгы окуянын чоо-жайын тактаганын калаа бийлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Видео «Бригадалык Кеңеш» ЖЧКсына караган №193 кичи автобус каттамында тартылган. Анда З.А.Абдибаитов аттуу айдоочу болгон.

Анын айтымында, жаңжалды жүргүнчү айым козуткан. Ал кыймылды тездетүүнү же салондогу адамдардын бардыгына акчаны кайтарып берүүнү талап кылды.

Мэриянын маалыматына ылайык, айдоочу жол акысын кайтарып берүүдөн баш тартууну укканда аял күч колдонуп, айдоочуну бир нече жолу уруп, орой сөздөрдү сүйлөп, өзүм билемдик менен акча алган. Кийинчерээк дагы бир адам жаңжалга кошулуп, ал дагы акчасын кайтарып берүүнү талап кылган.

Маршруттун айдоочусу З.А.Абдибаитов бул окуя боюнча Свердлов РИИБне арыз жазган.

Бишкек мэриясы унаа кыймылда турганда жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерине ылайык, коомдук транспорттун жүргүнчүлөрү айдоочунун ишине жолтоо болбошу керектигин эскертип, мындай учурда жүргүнчүлөрдүн аракеттеринен улам, жол кырсыгы болушу мүмкүн деди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>