Site icon Reporter.kg

Коон, жүгөрү, сүт азыктары. Кыргызстан Кытайга эмне экспорттойт?

Кыргызстандан 13 сүт азыктарын чыгаруу, 11 бал компаниясы жана 1 терилерди кайра иштетүүчү ишкана Кытайга товарларын экспортоого уруксат алышкан. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматында, Кытайга буудай уну, алча, коон, жүгөрү, жүзүм жана буурчак сатылат. Кошуна мамлекеттин Башкы бажы башкармалыгынын сайтындагы ( http://dzs.customs.gov.cn/ ) реестрге Кыргызстандан 42 алча, 10 коон өстүрүлүүчү жана 12 жер-жемиштерди сактоочу жай киргизилген.

Кытай рыногуна башка айыл чарба продукциясын чыгаруу үчүн  CIFER сайтына катталуу менен экспортко чыгарууга уруксат берилет.

Ал үчүн төмөндөгү документтер керектелет:

Exit mobile version