«Коопсуз шаардан» түшкөн каражатка тез жардам унаалары алынат

«Коопсуз шаардан» түшкөн каражатка тез жардам унаалары алынат

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча айыппулдар тез жардам унааларын алууга багытталат . Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Боронов Милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна «Коопсуз шаар» долбоору боюнча тез жардам унааларын сатып алуу үчүн атайы аккумуляцияланган 145 млн сом суммасындагы акча каражаттары боюнча ыкчам тартипте тийиштүү документтерди даярдоону тапшырды.

Учурда Кыргыз Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тийиштүү даярдык иштери башталды.

«Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айыппулдардан жыйналган каражаттар натыйжалуу бөлүштүрүлөт», — деп жазды Өкмөттүн маалымат кызматы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>