«Коопсуз шаар» долбоорунун камералары бир жыл ичинде миллиондон ашык жол эрежесин бузууну тарткан. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборунун жетекчиси Гүлмира Баратова билдирди.
Аталган башкармалыктын маалыматына ылайык, анын ичинен 586 миң 941 жол эрежесин бузган айдоочулар айып пулду төлөгөн. Андан түшкөн сумма 680 миллион 411 миң 895 сом болгон.