Коопсуздук кеңеш парламенттик шайлоого карата чечимдерди кабыл алды

Коопсуздук кеңеш парламенттик шайлоого карата чечимдерди кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын  өткөрдү. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери катышты.

Жыйында 2020-жылдын 4-октябрындагы Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселе каралды.

«Шайлоолордун таза өтүшү — өлкөбүздүн мындан ары өнүгүүсүнүн негизги шарты. Буга баарыбыз жоопкербиз. Шайлоонун ачык өтүүсү камсыздалат жана кепилдик берилет деп президент катары мен буга чейин айтып келгем. Айтканымды аткарып келе жатам жана аткарам. Президент катары мамлекеттин эгемендүүлүгүн, бүтүндүгүн, эл биримдигин, тынчтыгын сактоо — менин негизги милдетим. Ошондуктан саясий партияларды, алардын жактоочуларын, командалардын шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө ар кандай мыйзам бузуу аракеттеринен алыс болууга чакырам», — деп баса белгиледи өлкө башчы.

Мамлекет башчысы биздин коом ачык экенин, жарандык коом көзөмөлдөөчү позициясын активдүү билдирип, мыйзамсыз аракеттерге өз баасын бере аларын билдирди.

«Парламентке аттанган партияларды тандоо укугу — элде. Элибиз чоң жоопкерчилик менен алдыдагы тарыхый мүмкүнчүлүктү туура пайдаланат деп ишенем», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы коомдун тынчтыгын бузууга, жарандардын тандоосуна каршы аракеттер болуусуна жол берилбеш керектигин өзгөчө белгиледи.

Ал кандай гана күрөш, таймашуу болбосун, жеңилген тарап болорун, шайлоого аттанган саясатчылар амбицияны ары таштап, утулуп калса элди толкутуп, туура эмес жолдорго түртпөстөн, өз аброюн жоготпой, татыктуу жеңилгенди да билиши керектигин кошумчалады.

Ал саясий партиялар элдин келечегин, балдардын келечегин ойлоп, туура жыйынтык чыгарганды үйрөнүшү керектигин дагы бир ирет айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>