Коопсуздук кеңеши «Унаа» мекемесинин жетекчисин кызматтан алууну сунуш кылды

Коопсуздук кеңеши «Унаа» мекемесинин жетекчисин кызматтан алууну сунуш кылды

Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы мамлекеттик саясат стратегиясын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобу бүгүн, 30-январда, кезектеги жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Алымжан Козубаевди кызматтан алуу сунушталды.

Президенттик аппаратттын басма сөз кызматы билдиргендей,  «Унаа» ишканасында 2018-2019-жылдар аралыгында 100дөй кылмыш иштери козголуп, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жүргүзүлгөн мониторингдерге ылайык, айтылып жаткан мекемеде планынга киргизилген иш-чаралардын жарымынан көбү аткарылбай калганын баса белгилеген.

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун отурумунун жыйынтыгында «Унаа» мамлекеттик мекемесинин системалуу коррупцияны жоюуда деталдуу планды ишке ашыруу боюнча иши  канааттандыраарлык эмес деп табылып, Өкмөткө мекеменин директору Алымжан Козубаевди ээлеген кызмат ордунан бошотуу сунушталды.

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун отурумунда каралган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>