Коопсуздук кеӊеши өзгөчө кырдаал жарыялоо сунушун киргизди

Коопсуздук кеӊеши өзгөчө кырдаал жарыялоо сунушун киргизди

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши премьер-министрге өлкө аймагында 22-марттан тарта бир айлык убакытка өзөчө кырдаал режимин жарыялоону сунуштады. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча түзүлгөн ыкчам штаб кабарлады.

Бүгүн, 21-мартта президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйыны өкөн.

Анда өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылып кетишине жол бербөө жана атамекендик экономика үчүн терс кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар каралган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>