Координациялык кеңеш  Жогорку Кеңешти кезексиз жыйынга чогултат

Координациялык кеңеш  Жогорку Кеңешти кезексиз жыйынга чогултат

Координациялык кеңеш  Жогорку Кеңешти кезексиз жыйынга чогултат. Бул тууралуу аталган саясий кеңештин басма сөз катчысы Айданбек Акматов билдирди. Анда Координациялык кеңеш бүгүн,7-октябрь күнү кечинде жыйын өткөрүп, аталган кеңештин төрагасы Адахан Мадумаровго кезексиз жыйын өткөрүү тапшырмасын бергени айтылат.

«Жыйынга «Республика» партиясынан  Өмүрбек Бабанов,  Руслан Казакбаев, «Бир бол» партиясынан Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов, «Ак шумкардын» лидери Темир Сариев, «Замандаштан» Жеңиш Молдакматов, Равшан Жээнбеков катышты.
Координациялык кеңеш Адахан Мадумаровго Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган Мыктыбек Абдылдаев менен тез арада сүйлөшүп, парламенттин жыйынын чакыруу тапшырылды. Парламент жыйынында өкмөт башчыны альтернативдүү талапкерлердин катышуусу менен, атаандаштык мүнөздө (эки айлык программаларын айтуусу керек) жана түз эфирде чагылдыруу менен өткөрүү сунушталды. Бул азыркы учурда укуктук жолго түшүүнүн бирден бир жолу катары белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Адахан Мадумаровго 7-октябрда Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев келип, өкмөт башчы, конституциялык реформа, жаңы парламенттик шайлоо маселелери боюнча сүйлөшүп, анда бир катар маселелер боюнча орток пикир табылганы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>