Site icon Reporter.kg

Көп бала төрөгөн аялдарга 2 млн сомго чейинки «сүйүнчү» келерки жылдан тарта төлөнө баштайт

Кыргызстанда көп бала төрөгөн аялдарга 2 млн сомго чейинки «сүйүнчү» келерки жылдан тарта төлөнө баштайт. Бул тууралуу өкмөт башчынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү мыйзам кабыл алынып, ал 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, буга чейин Ташиев деңиз деңгээлинен 1000 метр бийиктикте жайгашкан айылдарда, шаарларда жашап, 4 бала төрөгөн аялдарга 100 миң сом, бешинчиге 600 миң сом, жетинчиге 1 млн сом, 8-9 бала төрөгөндөргө 1,5 млн сом, 10 жана андан ашык баланы жарык дүйнөгө алып келген энелерге 2 млн сом төлөө пландалып жатканын билдирген. Ташиев 6 бала төрөгөндөргө канча акча төлөнө турганын айткан эмес.

Exit mobile version