Site icon Reporter.kg

Көп кабаттуу үйдүн 1-кабатына жеке мектеп жана бала бакча ачууга уруксат берилди

Көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаттарына мектеп жана бала бакча ачып, жеке ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берген буйрукка кол коюлду. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өзүнүн «Фейсбук» баракчасында билдирди.

Нурдан Орунтаев бул чечим бала бакчалар менен мектептердеги жетишсиз орундар боюнча маселелерди чечүүгө, билим берүү тармагындагы жеке секторду өнүктүрүүгө багытталганын билдирди.

«Биз башка өлкөлөрдүн бул жааттагы тажрыйбасын карап чыктык. Санитардык нормалар боюнча маселелерди изилдеп, мындай нормаларды колдонууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрдүк. Коопсуздук маселеси боюнча айта кетсем, көптөгөн жарандарыбыз көп кабаттуу үйлөрдө жашайт жана балдарыбыз да ошол жерде жашашат. Бүгүнкү күндө курулуш нормалары абдан катуу талаптарга жооп берет жана бардык объектилер тиешелүү экспертизадан өтөт»,- деп билдирди министр.

Ошондой эле ал бардык көп кабаттуу үйлөрдүн балдар аянтчалары күндүз бош тургандыгын, ал аянтчалар түз максаты боюнча колдонулушу керектигин айтты.

Орунтаевдин айтымында, бул чечим акы төлөнгөн жеке мектептер менен бакчаларга гана тиешелүү. Ал эми мамлекеттик органдар өлкө боюнча мектеп, бакчаларды курууну уланта берет.

Exit mobile version