Site icon Reporter.kg

Көп кабаттуу үйдүн дубалына Айсулуу Тыныбекованын сүрөтү тартылды (Сүрөт)

Олимп оюндардын чемпиону Айсулуу Тыныбекованын сүрөтү көп кабаттуу үйлөрдүн дубалына тартылып жаткан сүрөт пайда болду. Анда эки сүрөт тартылып жаткан. Өйдө жагында Тыныбекова Кыргызстандын желегин желбирете кармап турса,  ылдый жагында  күрөшүп жатканы тартылган.

Бул эмгек Байтик Баатыр жана Токтогул көчөлөрдүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринин дубалына тартылып жаткан экен.

Бул идея кимге таандык жана эмгекти ким жаратып жатканы боюнча кийинчерээк тактап беребиз.

Exit mobile version