Site icon Reporter.kg

Көпчүлүк дүкөндөр матрезервден берилген арзан азык-түлүктөрдү сатпай жатат

Көптөгөн айыл-кыштактарда дүкөнчүлөр мамлекеттик запастагы кумшекерди 70 сомдон сатуудан баш тартышууда. Бул тууралуу Reporter.kg′ге өздүк булактар ​​билдирди.

Булактан алынган маалыматка караганда, сатуучулар мамлекет тарабынан арзан сатылып жаткан  кумшекерге желим баштыктар берилбегендиктен, мамлекеттик материалдык запастагы кумшекер менен майга акча табууга мүмкүнчүлүктөрү жок болгону  үчүн чыгымга учурап калабыз деп андан баш тартышууда. Дүкөндөргө шекер баштыктарга салынып алынып келинет.

Эске салсак, Орусиядан алынып келинген азык-түлүктөрдүн айланасындагы дүрбөлөңдөн улам президенттин чечими менен Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан миллион килограмм кумшекер жана 500 миң литр май арзан сатылып башатаган болчу.  Калкка өсүмдүк май 130 сомдон, кумшекер килограммы 70 сомдон сатылат.

 

Exit mobile version