Site icon Reporter.kg

Көпүрөнүн түркүгүн кулата сүздү деген унаа боюнча расмий жооп

Бүгүн, 8-октябрь күнү болжол менен саат 03:00 чамасында “Cadillac Escalade” үлгүсүндөгү авто унаа Ч.Айтматов көчөсү менен бара жатып, Лев Толстой көчөсү менен кесилишкен жеринен башкара албай көпүрөнүн астындагы бетонду сүзүп токтогон. Ага келген “Lexus LX 570” үлгүсүндөгү авто унаанын мамлекеттик номуру жок болгон.

Жол кырсыгынан эч кандай жабыркагандар жок.

Бул жол кырсыгы боюнча эки авто унаа тең убактылуу айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталып жатат. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Бишкек шаарынын Ч.Айтматов көчөсүндөгү көпүрөнүн түркүгүн кулата сүздү деген видео тараган.

 

Exit mobile version