Кордайдагы жаңжалдан каза болгондордун саны 10го жетти

Кордайдагы жаңжалдан каза болгондордун саны 10го жетти

Кордайдагы жаңжалдан каза болгондордун саны 10го жетти. Бул тууралуу Казакстандын ички иштер министринин орун басары Алексей Калайчиди билдирди. Анын айтымында, эки адам ооруканада өзүнө келбей үзүлгөн.

Министрдин орун басарынын маалыматы боюнча, Масанчи айылындагы башаламандыктардын учурунда беш полиция кызматкери жараат алган. Алардын үчөөнө ок жаңылган.

ИИМдин өкүлү чырды жөнгө салууда полиция курал-жарак колдонбогонун белгиледи. Учурда 39 адам ооруканада дарыланууда.

Эскерте кетсек, 7-февралда кечинде Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана Сарытөбе айылдарында жергиликтүү тургундар арасында жапырт мушташ болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>