Site icon Reporter.kg

Корея Жогорку Кеңештин санариптешүүсүнө жардам берет

Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) Жогорку Кеңештин IT-инфраструктурасын модернизациялоо жана санариптештирүү үчүн гранттык негизде 200 миң АКШ доллары өлчөмүндө техникалык көмөк көрсөтөт. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбеков Кореядан келген IT-технология боюнча эксперттик топ менен жолугушту.

Жолугушууда Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси  Ли Жонгсу долбоор боюнча маалымат берип жатып, ал үч баскычта ишке ашаарын түшүндүрдү. Тагыраагы, Жогорку Кеңештин жыйындар залдарын техникалык жактан камсыз кылуу, орнотулган техникаларды системалаштыруу, программалоо жана IT-техникалык жабдыктарды иштетүү үчүн адистерди даярдоо.   Бул долбоор 2022-жылдан 2026-жылга чейин ишке ашырылат.

Exit mobile version