Site icon Reporter.kg

Кореяда иштеген 1,5 миң кыргызстандык айына орточо 1,8 миң доллардан табат

Жумушка орноштуруу системасы (EPS) боюнча Кореяга жөнөтүлгөн кыргызстандык жарандар орточо 1,8 миң доллар айлык алууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, алардын Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борбору 17 жылдан бери өлкө жарандарын Кореяга жөнөтүп келет. Бүгүнкү күнгө карата ал жакка жалпы 5 миңден ашык жаран жиберилген. Учурда 1,5 миң кыргызстандык иштеп жатат. Алар баары болуп бир айда 2,7 млн доллар табат. Ар биринин орточо айлыгы 1,8 миң долларды түзөт.

Алар көбүнчө тамак-аш, химиялык өнөр жай, кагаз өндүрүү, желим, резина жана айнектен буюм чыгарган ишканаларда эмгектенишет.

Тамак-ашка жана жатаканада жашоого кеткен чыгымдар толук же жарым-жартылай жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт.

Жумушка орноштуруу системасы боюнча Кореяга кетүү үчүн корей тилин билүү керек.

Белгилей кетсек, кечээ, 15-октябрда Кыргызстандын 39 жараны Кореяга жөнөтүлгөн.

Exit mobile version