Site icon Reporter.kg

Кореянын киночулары Кыргызстанда кинофестиваль өткөрүүгө кызыкдар

Кореянын кино тармагынын өкүлдөрү Кыргызстанда кинофестиваль өткөрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаментинен билдиришти.

Кечээ, 6-октябрда маданият министринин орун басары Союзбек Надырбеков Кыргызстандын жана Кореянын Сеул кинофестивалынын негиздөөчүсү Пе Хие Хва баштаган кино өкүлдөрү менен жолугушкан.

Анда биргелешкен кинофестиваль уюштуруу жана кино тармагын өнүктүрүү маселелери талкууланган.

Корея тарап Бишкек шаары менен Ысык-Көл облусунда кинофестиваль өткөрүүгө кызыкдар экенин белгилеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version