Site icon Reporter.kg

Коргоо министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 8-пунктуна менен Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары Нурлан Кирешеев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 29-марттында президент Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык, Нурлан Курешеев Коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалган. Ага чейин ал КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчисинин биринчи орун басары болгон.

Exit mobile version