Site icon Reporter.kg

Коронавирус менен кармашкан медиктер. Ооруканада тартылган видео

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус илдетин жугузуп алгандар дарыланып жаткан Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында тартылган видеону жарыялады.

Министрликтин “Ютуб”  каналына жарыяланган видеодон адегенде дарыгердин коргоочу кийимдерди кийгендиги жана реанимацияда атайын дем алдыруучу аппараттын жардамы менен жаткан бейтаптардын абалын текшерип жаткандыгын көрүүгө болот. 

Министрликтин маалыматына ылайык,жугуштуу илдеттер  ооруканасына коронавирус жуктурган 334 адам түшкөн. Анын ичинен 179 бейтап дарыгерлердин жардамы менен оорун жеңип чыгып, үйлөрүнө чыккан. 5 адам илдеттен улам каза болгон.

8-майга карата дагы коронавирус жуккан 11 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын жалпы саны 906 адамга жетти. Алардын ичинен 650 жаран айыкса, коронавирустан каза болгондордун саны 12 адамга жетти.

Exit mobile version