Site icon Reporter.kg

Коронавирус үч облуста жана бир шаарда катталган жок

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 73 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 2420 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлүп, Бишкек шаарында оору көп аныкталса, Ош шаарында, Талас, Нарын жана Баткен облустарында катталган эмес. Ошондой эле инфекция 2 медицина кызматкеринен табылган.

Алар:

Бишкек шаарында – 58;
Чүй облусунда – 1;
Ош облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 7;
Жалал-Абад облусунда – 5.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 38 бейтап сакайды. Илдеттен каза болгондор катталган жок.

 

Exit mobile version