Site icon Reporter.kg

Коронавирус. Ажылык зыяратка каттоо иши белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Кыргызстанда бир айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу 2020-жылдагы ажы башчылыкка каттоо иши  белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча түзүлгөн республикалык штабдын чечими менен өлкө аймагында өзгөчө кырдаал 22-марттан баштап киргизилген.

Exit mobile version