Коронавирус. Балбак Түлөбаев кайсы учурда Бишкек жабыла турганын айтты

Коронавирус. Балбак Түлөбаев кайсы учурда Бишкек жабыла турганын айтты

Бишкекте 1-июлга чейин коронавирустун жайылышы эң жогорку чекке жетет. Бул тууралуу мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев жергиликтүү маалымат булактарына интервью берип жатып билдирген.

“Эгерде 10-июлга чейин вирустун жайылышы азайбаса, 15-июлдан кийин шаарды бир жумага жабууга мажбур болобуз. Ошондо илдет азайышы мүмкүн», — деди Түлөбаев.

Түлөбаев коронавирус бар экенин элге дагы кандай далил менен көрсөтүү керектигин белгиледи.

«Барыбыз көрүп турабыз коронавирус жуктурган Жогорку Кеңештин басма сөз аппаратынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу, мэр Азиз Суракматов, депутаттар ооруканада жатат. Бир эл өкүлүнүн  абалы оор реанимацияда. КТРКнын журналисттеринен илдет аныкталды. Мен дагы эмнени айтышым керек? Силерге вирус бар экенин ишендирүү үчүн кандай жалдырашым керек? Мен өзүм өлүшүм керекпи? Билбейм дагы эмне айтаарымды?», — деди Балбак Түлөбаев.

Белгилей кетсек, өлкө аймагы боюнча Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны көп.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>