OVID-19: Баткен бийлиги бир катар чектөөлөрдү киргизди

OVID-19: Баткен бийлиги бир катар чектөөлөрдү киргизди

Баткенде COVID-19 жана пневмонияга байланыштуу бир катар чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов брифингде билдирди.

Анын айтымында, кечээ облустук штабдын отурумунда төмөндөгүдөй жыйынтыктар чыкты:

  • 10-июлдан тарта Баткен облусу менен Бишкек, Ош шаарлары жана башка облустар ортосундагы коомдук транспорттордун жана такси кызматынын каттамы токтотулат;
  • Санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлүп, жарандардын жүйөлүү себептерсиз посттон өтүүгө тыюу салынат;
  • Азык-түлүк, курулуш жана башка материалдарды ташыган жүк ташуучу унаалардын облуска кирүүгө, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө чектөө коюлбайт. Жүктүн мыйзамдуулугун салык кызматкерлери текшерет. Ошондой эле бул унааларга жүргүнчү ташууга тыюу салынат;
  • Жаратылышка эс алууга чыгууга уруксат берилбейт;
  • Тыюу салынган той-аш, мааракелерди өткөргөндөргө катуу чара көрүү боюнча чечим кабыл алынды;
  • Мал базарлар ишемби күнү гана иштейт.
  • Ал эми башка аймактарга дарыланууга муктаж болгондор дарыгердин жолдомосу менен гана облустан чыга алат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>