Баткен облусунун аймагында коронавирус оорусуна байланыштуу, эпидемиологиялык кырдаал курч болуп жаткандыктан, облустук штабдын чечими менен дагы бир катар чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
— 28-сентябрдан тарта облустар жана райондор аралык, ошондой эле райондук, шаардык ички коомдук транспорттордун каттамы убактылуу токтотулду.
— Мал базарлардын иши убактылуу токтотулду.
— Мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окуу убактылуу токтотулду, күндөлүк беш убак жана жума намаздарын үй шартында окуу сунушталат.
— Облуска катуу көзөмөлдөгү беткап режими киргизилди.
— Баткен облусунун аймагына, чек арадан өтүп жаткан Өзбекстан жана Тажикстандын жарандарын, акыркы үч күндө алынган ПЦР-анализинин терс жыйынтыгы менен киргизүү чечими кабыл алынды.
— Базарларда, соода борборлорунда, дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жүргүзүү жана дезинфекциялоо иштерин күчөтүү, баш ийбегендерге чара көрүү боюнча район, шаар башчылары милдеттендирилди.
— Ошондой эле шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүүдө, партиялардын санитардык эрежелерди, маска режимин, социалдык аралыкты сактоону көзөмөлдөөнү күчөтүү, ал эми белгиленген талаптарды бузгандарга чара көрүү тапшырмасы берилди.