Site icon Reporter.kg

Өлкөдө коронавирус боюнча өзгөчө кырдаал режими жокко чыгарылат

2022-жылдын 1-ноябрынан тартып Кыргызстанда коронавирустук инфекцияга байланыштуу өзгөчө абал режими алынып салынат. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындай чечим Кыргызстандын аймагында (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык абалдын турукташуусуна жана коронавирустук инфекция оорусуна чалдыккандардын катталуусунун төмөндөшү уланып жатканына байланыштуу кабыл алынды.

Белгилесек, өзгөчө кырдаал режими өкмөттүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругу менен калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана Кыргызстандын аймагында калк арасында массалык оорулардын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында киргизилген. Бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын пандемиясын жарыялоосуна жана Кыргызстандын аймагында коронавирустук инфекциянын учурларынын аныкталгандыгына байланыштуу болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал турукташкан. Жарандардын арасында коронавирустук инфекциянын катталган бардык учурлары жеңил, же симптомсуз түрдө өтүүдө, оор же өлүмгө алып келген учурлар катталган эмес.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version