Коронавирус. Казакстанда мектеп формасы жоюлуп, өндүрүүчүлөр чыгашага учуроодо

Коронавирус. Казакстанда мектеп формасы жоюлуп, өндүрүүчүлөр чыгашага учуроодо

Коронавирус пандемиясынан улам Казакстандагы мектептер жаңы окуу жылын аралыктан окуу менен баштагандыктан, Билим берүү министрлиги убактылуу мектеп формасын кийүү талабын жокко чыгарды.

«Биринчи чейректен кийин салттуу билим берүү форматына өтсөк да, мектепте эч ким окуучулардан мектеп формасын талап кылбайт. Экономикалык абалды, азыркы кырдаалды эске алып, биз бардык зарыл шарттарды түзүп, мектеп формасын убактылуу жоюуну чечтик», — деди өлкөнүн билим берүү министри Асхат Аймагамбетов.

Ал ортодо мектеп формасын тигүү менен алектенген жеңил өнөр-жай ишканалары министрликтин бул чечиминен кийин жапырт чыгашага учурап жатышканын билдиришүүдө.

«Өткөн жылга салыштырмалуу сатуу 5% гана түздү. Товарлардын 95% кампаларда сатылбай турат. Жумушчуларга айлык берүүгө акча түшпөй калды», — деди Angelcher тигүү компаниясынын башкы эсепчиси Ольга Мартынюк.

«Казлегпром Алматы» ишканасынын өкүлү быйыл алар бир да мектеп формасын сатпай, дээрлик 300 миң долларлык киреше түшпөй калганын билдирди. «Кызматкерлерди кыскартпоо үчүн тигүү цехтеринин багытын өзгөртүп жатабыз. Азыр атайын кийимдерди, бут кийимдерди тигүүгө өттүк», — деди ал.

Казакстанда 1-сентябрдан тартып башталгыч класстардын жана анча чоң эмес билим берүү мекемелеринин окуучулары гана мектептерге барып окушат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>