Коронавирус: Кыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу унаалар өлкөгө кире албай турат

Коронавирус: Кыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу унаалар өлкөгө кире албай турат

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө  бекетинде тез бузулуучу азыктар жүктөлгөн оор жүк ташуучу унаалар Кыргызстандын аймагына кире албай жатат. 

Айдоочулардын айтымында, алар чек арада 18 сааттан бери турушат.

«Суу, тамак жок. МАИ кызматкерлери документтерди алып кетишкен. Ошондой эле мурундан дагы анализ алышты», — деп айтышкан жүк ташуучулар.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев айдоочулардан алынган ПЦР-тесттин жыйынтыгы чыкмайынча, алар Кыргызстандын аймагына өткөрүлбөй тургандыгын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>