Коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке жалпы канча акча түшкөнү айтылды

Коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке жалпы канча акча түшкөнү айтылды

Коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча ачылган эсепке 8 миллион 702 миң сом келип түштү.

Бул тууралуу вице-премьер-министри Эркин Асрандиев COVID-19 вирусунун экономикага тийгизген таасири боюнча өткөн онлайн пресс-конференцияда айтты.

Вице-премьердин айтымында, учурда каражатардын бир тыйыны дагы колдонула элек. Ачаны бөлүштүрүү тартиби Жогорку Кеңеш менен макулдашылат, андан соң коротулган каражаттар боюнча жума сайын маалымат айтылып турат.

Эске салсак, Каржы министрлиги тарабынан өлкө аймагында коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралар үчүн атайын эсеп ачылган.

Эсептин номери: 4402011000101373

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>