Site icon Reporter.kg

Коронавирус менен күрөшүү боюнча атайын эсепке 83,5 млн. сом келип түштү

Коронавирус менен күрөшүү боюнча административдик эсепке 83,5 млн. сом келип түштү. Бул тууралуу штабдан маалымдашты.

«2020-жылдын 2-апрелине (саат 17.00) карата, Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган администрацияланган эсепке жалпысынан 83 млн. 472 миң 193 сом акча каражаттар түштү», — деп жазылат маалыматта.

Ачылган эсептер жөнүндө маалыматтар Финансы министрлигинин сайтында жайгашкан.

Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 инфекциясын 125 адам жуктуруп алган, алардын ичинен 4 оор абалда, 1 бейтап жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган. Ал эми 5 адам илдеттен айыгып үлөрүнө жиберилген.

Мындан тышкары, 2-апрелде Оштун Ноокат районунун ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап көз жумду.  Бул Кыргызстанда COVID-19 вирусу адам өмүрүн алган алгачкы учур.

Exit mobile version