Коронавирус менен күрөшүүгө бюджеттен 2 млрд 400 млн сом бөлүнгөн

Коронавирус менен күрөшүүгө бюджеттен 2 млрд 400 млн сом бөлүнгөн

Коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө бюджеттен 2 миллиард 400 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине эпидемиялык очоктор болгон жерлерде иштеген медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр үчүн 500 миллион сом каралгандыгы белгиленди.

Отчетто ошондой эле Экономика жана Финансы министрлиги коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө иш-чараларынын алкагында өнүгүү боюнча өнөктөштөргө (эл аралык донорлорго) COVID-19га каршы эмдөө үчүн каражат бөлүү үчүн долбоордук билдирмелерди жөнөтүп жатканы айтылат. Өкмөт COVID-19га каршы күрөшүү үчүн каражат чогултуу жаатында донорлор менен ишти күчөтүү милдетин койду.

Бүгүнкү күндө өлкө аймагы боюнча илдетти жуктургандардын саны 89 миң 277ге жетти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>