Коронавирус менен күрөшүүгө келип түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлдү

Коронавирус менен күрөшүүгө келип түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлдү

Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн кайдыгер эмес жарандардан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.

Комиссия мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен, Жогорку Кеңештин депутаттарынан жана жарандык сектор өкүлдөрүнөн турат.

Бул чечим Кыргызстандын аймагында коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүү чараларын каржылоо үчүн ыктыярдуу жардам иретинде жеке жана юридикалык жактардан түшкөн акча каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу бөлүштүрүү, ошондой эле гуманитардык жардамды бөлүп берүү максатында кабыл алынды.

Акча каражаттарын ачык-айкын топтоо жана бөлүштүрүү максатында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы IT-штаб www.help.covid.kg онлайн ресурсун ишке киргизди. Анда келип түшкөн каражаттардын көлөмү жана алар кайсы иш-чараларга жумшалары реалдуу режимде көрсөтүлүп турат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>