Site icon Reporter.kg

Коронавирус менен ооруган 249 адам үй шартында дарыланууда

Кыргызстанда 382 адам коронавирустан дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Амбулатордук (үй шартында) 249 адам, ооруканада 133 адам. Алардын ичинен 13 адамдын абалы өтө оор, 68инин абалы оор. 52 бейтаптын (же 39 пайызынын) абалы орточо деп бааланууда.

2020-жылдын март айынын башынан бери расмий маалыматтар боюнча 195 761 адам айыгып чыкты.

Exit mobile version