Site icon Reporter.kg

Коронавирус. Ошто 100гө чукул орундук даяр

Ошто 100гө чукул орундук даяр. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 5-июль күнү, Республикалык штабтын койгон тапшырмасы аткарылды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун буйругунун негизинде Ош шаарындагы Кулатов кичи районунда Газпром спорт залында 100гө чукул орундук даярдалды. Ага 60 куткаруучу тартылган.  

Бүгүн, 6-июлдан тарта дарыгерлерди кабыл алуу башталды.

Exit mobile version