Site icon Reporter.kg

Коронавирус. Ошто 4 базар жабылды

Ошто төрт базар жабылды. Мындай чечим аталган аймакта коронавирус кырдаалы оорлогонуна байланыштуу кабыл алынганын республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнтөн тарта убактылуу борбордук унаа базары, унаа тетиктерин саткан базар, кийим-кечек саткан базар жана «Келечек» базары жабылды. Ал эми азык-түлүк саткан дүкөндөр жана дарыканалар мурдагы режим менен иштейт.

Белгилей кетсек, 18-мартта Жалал-Абад облусунда Сузак районунун 3 жараны коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Ал эми бүгүн, 20-мартта дагы 3 адамдан коронавирус аныкталды. Алар Ноокат районунун тургундары.

Exit mobile version