Коронавирус пандемиясы адамзатты 20,5 миллион жылдык өмүрүнөн ажыраткан

Коронавирус пандемиясы адамзатты 20,5 миллион жылдык өмүрүнөн ажыраткан

Коронавирус пандемиясынын кесепетинен адамзат миллиондогон жылдык өмүрүн жоготту. Помпеу Фабра университетинин испан окумуштуулары ушундай жыйынтыкка келишти, анын илимий иштери Scientific Reports журналына жарыяланды.

Эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн, эксперттер 81 мамлекетте COVID-19дон каза болгондордун саны жөнүндө маалыматтарды алышып, адам оорудан көз жумган жаш менен жашоонун орточо узактыгынын айырмасын салыштырып көрүштү.

«Бардыгы болуп 81 өлкө COVID-19дун кесепетинен 20 507 518 жылдык өмүрүн жоготушу мүмкүн — ар бир өлүм үчүн 16 жыл», — деди доктор Гектор Аролас.

Изилдөө үчүн окумуштуулар Жоголгон Жылдар (YLL) деп аталган ыкманы колдонушкан. Анын жардамы менен, эгер адам мезгилсиз дүйнөдөн кайтпаганда, ал канча жыл жашай алмак эле. Эксперттер иш учурунда коронавируска кыйыр түрдө гана байланыштуу болгон өлүмдөрдүн натыйжасында канча жыл өткөндүгүн эске алышпагандыгын белгилешти.

Ошол эле учурда, илимпоздор пандемиянын кесепетинен жүрөк-кан тамыр жана башка өнөкөт оорулардын курмандыктары дагы көп жылдар өмүрүн жоготушкандыгын баса белгилешти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>