Коронавирус. Учурда Кыргызстанда 298 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө

Коронавирус. Учурда Кыргызстанда 298 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө

Учурда Кыргызстанда 298 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Аталган департаменттин маалыматына ылайык, ооруканада жаткан 298 жарандын 145и кытайлыктар, алардын баарынын анализи таза.

Учурда коронавирус 58 өлкөдө катталганы маалымдалды. Сутка ичинде Катар, Израиль, Египет, Мексика, Чехия өлкөлөрүндө алгачкы фактылар катталды. Буга байланыштуу Кыргызстан Кытай, Иран, Япония, Түштүк Корея жана Италиянын (тизме дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен толукталып турат) жарандары үчүн өлкөгө кирүүгө 2020-жылдын 1-мартынан тартып чектөө киргизди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>