Site icon Reporter.kg

Коронавирус жүрөк-кан-тамыр ооруларын өрчүтөт жана аны дарылоо көпкө созулат

Коронавирус жүрөк-кан-тамыр ооруларын өрчүтөт жана аны дарылоо көпкө созулат. Мындан улам, коронавирус жана жүрөк оорулары бар бейтаптар бир катар тийиштүү чараларды сактоосу зарыл. Мындай билдирүүнү Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы кардиологу Акпай Сарыбаев билдирди.

COVID-19 менен ооруп, айыккан жүрөк-кан тамыр оорулары бар бейтаптар үчүн төмөнкүлөр сунушталат:
Ооруканадан чыккандан кийин бейтаптар 14 күнгө чейин изоляцияда болушат;

Изоляция учурунда кайра калыбына келүү программасын аткаруусу сунушталат жана изоляция маалы бүткөндөн кийин, атайын реабилитациялоо борборлоруна барууга мүмкүн;

Үй шартында толук туура тамактануу зарыл: жашылча-жемиштердин көптүгү (400 гр кем эмес), тамактын аз туздуулугу ( 5 гр ашпаган), суюктукту чектөө зарыл бир күндө 1 — 1,5 литр ичүүгө болот, эгерде дене табы көтөрүлсө 2 литрге чейин көбөйтүүгө болот;

Сөзсүз түрдө дем алуу гимнастикасын жасоо. Бул багытта программаларды республикалык ден соолукту чыңдоо борборлорунун сайттарынан табууга мүмкүн;

Ооруканадан чыгып баратканда физикалык активдүүлүк менен канчалык деңгээлде машыгууга мүмкүн экенин билип алуу зарыл. Эгерде дене табы 37,5 — 38 ге көтөрүлсө, жүрөктүн согушу 100дөн ашса, дем алуусу бир мүнөттө 30дан ашса жана сатурациясы 93%дан жогору болсо, физикалык активдүүлүк сунушталбайт.

Дарыгер тарабынан жазылып берилген дарыларды ичүү маанилүү, бирок кан басымы түшүп же башка дагы өзгөрүүлөр болсо, дарыгерге кайрылууга керек.

Exit mobile version