Коронавирус жөнүндө жалган маалымат тараткан адам кармалды

Коронавирус жөнүндө жалган маалымат тараткан адам кармалды

WhatsApp мессенджери аркылуу «Кыргызстанда коронавирус катталды» деп жалган маалымат тараткан адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.

«Орусияда эмгектенген Ош облусуна караштуу Ноокат районунун 1992-жылы туулган Ж.Ы. аттуу тургуну жалган маалымат таркатып жүргөн. Шектүү өз күнөөсүн мойнуна алган. Күч органдары ага жалган маалымат үчүн жазага тартылары  эскертишкен», — деп жазылат маалыматта.


Ички иштер министрлиги элди дүрбөлөңгө салып, жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскерет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>