Site icon Reporter.kg

Коронавирус жайылган АКШдагы круиздик кемедеги эки кыргызстандыктын абалы туруктуу

Mandatory Credit: Photo by Photosport/Shutterstock (1008689f) Grand Princess Cruise Ship Monte Carlo, Monaco - Jul 2009

АКШнын Калифорния штатындагы «Grand Princess» круиздик лайнеринде карантинде кармалып жаткан эки кыргызстандыктын абалы туруктуу. Алардан Кыргызстандын АКШдагы элчилиги тыгыз байланышта. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Кыргызстандын эки жараны 13-мартта АКШнын Джорджия штатында жайгашкан карантиндик борборго көчүрүлдү.

Бир нече өткөрүлгөн тесттердин натыйжасында, карантиндик борборунун медициналык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандарында коронавирус оорусу жок экендигин ырастады.

Алдын ала маалыматтар ылайык, Кыргызстандын эки жараны 14-күндүк карантинди өткөндөн кийин карантиндик борбордон үйлөрүнө кеткенге мүмкүнчүлүк болот.

Exit mobile version