Коронавирус жасалма жол менен пайда болгонбу? Кытай бийлигинин жообу

Коронавирус жасалма жол менен пайда болгонбу? Кытай бийлигинин жообу

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлү Чжао Лицзянь коронавирус Ухандагы лабораторияда жасалма жол менен пайда болгондугу тууралуу маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү коронавирустун лабораторияда жасалгандыгы боюнча эч кандай далил жок экенин бир нече жолу айтышкан. Эксперттер да ал жасалма жол менен пайда болгон деген версияга негиз табышкан жок», — деди Лицзянь.

Буга чейин америкалык Fox News телеканалы анонимдүү булактарына таянып, коронавирусту алгачкылардан болуп жуктуруп алган адам Кытайдын Ухань шаарындагы лабораториянын кызматкери болгонун билдирген. Телеканалдын репортажында коронавирус биологиялык курал болбогону, бирок Кытай аны изилдөө менен вирустарды аныктоо жана аларга каршы күрөшүүдө АКШдан алдыга чыгууга аракет кылганы белгиленген.

16-апрелде CNN телеканалы ушу тапта америкалык чалгын вирус лабораториядан жасалган деген версия боюнча иликтөө баштаганын кабарлаган.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео азырынча вирус Уханда чыкканы, шаардагы деңиз жандыктары сатылган базардан бир нече чакырым алыстыкта Вирусология институту бар экени гана белгилүү экенин айткан.

Кытай басылмалары коронавирусту алгач Ухандагы базарда деңиз жандыктарын саткан аял жуктуруп алганын билдирип келишет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>