Коронавируса чалдыккан кыргызстандыктар түшкөн учак “Манас” аэроптортуна конгон

Коронавируса чалдыккан кыргызстандыктар түшкөн учак “Манас” аэроптортуна конгон

Коронавирус жуктуруп алган 3 жаран түшкөн учак 12-мартта “Манас” аэроптортуна конгон. Бул тууралуу коронавирусту алдын алуу боюнча ыкчам штабдан кабарлашты.

«Эйр Арабия» авиакомпаниясынын ABY 345 номерлүү чартердик каттамы 12-мартта саат 20:57де «Манас» аэропортуна конгон. Аталган бортто 135 жүргүнчү болгон» , — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, коронавирус жугузуп алганы аныкталган 3 адам Сузак районунун тургуну болгон. Азыр алар Жалал-Абад облустук жугуштуу илдеттер ооруканасына жаткырылган. Ал эми Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>