Коронавируска байланыштуу Кыргызстанга 5 өлкөнүн жарандарына кирүүгө чектөө киргизилди

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанга 5 өлкөнүн жарандарына кирүүгө чектөө киргизилди

Кыргызстан коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучуна байланыштуу бир катар өлкөлөрдүн жарандарынын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизет. Бул тууралуу Өкмөттүн өткөн коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында билдирилди. 

Мындай чара Республикалык штабга Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дүйнөдөгү азыркы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен сунушталды.

Кытай, Иран, Япония, Түштүк Корея жана Италиянын (тизме дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен толукталып турат) жарандары үчүн өлкөгө кирүүгө 2020-жылдын 1-мартынан тартып чектөө киргизилет.

Бул чектөөлөр көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн Кыргызстанга ишке байланыштуу, туризм жана жеке максаттарда келген, дипломатиялык паспортко ээ эмес бардык жарандарына тийиштүү болуп саналат. 

Эпидемиологиялык жагдай начарлагандыгына жана Кыргыз мамлекетинин аймагына эпидемиологиялык кырдаал начар өлкөлөрдөн жарандардын келүүлөрү уланып жаткандыгына байланыштуу чет элдиктер үчүн кирүүгө тыюу салынууда. Ошондой эле 1-марттан тартып көрсөтүлгөн мамлекеттердин жарандары үчүн Кыргыз Республикасына чакырууларды тариздөө токтотулат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>