Site icon Reporter.kg

Коронавируска чалдыккан алты адамдын үчөө чет өлкөдөн жүк ташыган айдоочулар

16-май күнү коронавирус жукутуруп алганы аныкталган алты адамдын үчөө оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары.  Бул тууралуу бүгүн, 16-майда өткөн брифингде саламаттык сактоо министрлигинин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Алардын бири, Казакстандын жараны, чек арадан кирбестен, жүгүн таштап кайра өлкөсүнө кирип кеткен. Алынган анализи коронавирусту тастыктаганына байланыштуу, биз коңшу Кордай районунун тийиштүү органдарына маалымат жибердик”, — деди Үсөнбаев.

Үсөнбаевдин айтымында, оор жүк ташуучу унаанын айоочулары артыкчылыктуу топко киришет. Алгоритмге ылайык, айдоочулар чек арадан өтүп жатканда, коронавируска анализ тапшырышат, андан кийин Транспорт жана жолдор министрлигинин адистери дарегине чейин коштоп барышат.

Exit mobile version