Site icon Reporter.kg

Коронавируска чалдыккан бир адам жандандыруу бөлүмүнө которулду

Буга чейин абалы оор экени айтылып жаткан коронавирус жуктурган эки адамдын бири оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 23-мартта өтүп жаткан онлайн брифингде айтты.

Анын айтымында абалы оор бейтап 1949-жылы туулган Сузак районунун тургуну.

Жалпы республикада өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны 14 адам. Алардын алтоо эркек, сегизи аял. Жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер.

Exit mobile version