Site icon Reporter.kg

Коронавируска чалдыккандар менен учакта чогуу келген Баткендикетердин анализи таза чыкты

Коронавирус жугузуп алган 3 жаран менен бирге Сауд Арабиясынан келген Баткен облусунун 8 тургунунан оорунун белгилери табылган жок. Бул тууралуу коронавирусту алдын алуу боюнча түзүлгөн ыкчам штаб кабарлады.

Буга чейин аталган штаб 12-мартта Сауд Арабиядан умрадан кайтып келген 144 адам кайсы облустун тургундары экендиги аныкталгандыгын айткан.

Учурда алардын 142си оорукана жана обсервацияга жаткырылган.

Ал эми эки адам Өзбекстанга чыгып кеткендиктен Тышкы иштер министрлиги аркылуу алардын жүргөн жери такталууда.

Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учуру 18-мартта катталды. Ооруну жугузуп алганы аныкталган 3 адам Сузак районунун тургундары болгон. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

19-мартка карата коронавирустун жаңы учурлары катталган жок.

 

Exit mobile version