Коронавируска каршы эмдөө ушул жумада башталышы мүмкүн

Коронавируска каршы эмдөө ушул жумада башталышы мүмкүн

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнү ушул жумадан баштаса болот. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлнара Ишенапысова маалымат жыйында билдирди.

Ал өткөн жумада Кытайдан “Sinopharm” вакцинасы 150 миң дозасы келгенин эске салды.

“Бардык расмий документтерди дем алыш күндөрү алдык, алардын баары англис тилинде. Аларды которуп бүттүк. Бүгүн Иммундаштыруу боюнча илимий-техникалык топтун отуруму болот жана алардын сунуштарын алабыз. Бишкек менен Чүйдө ушул жумадан тарта эмдөөдөн өткөрө башташыбыз мүмкүн. Ошто кийинки жумадан”, — деген Гүлнара Ишенапысова.

Белгилей кетсек, эмдөөдөн биринчи кезекте медицина кызматкерлери жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлери, ооруну жуктуруу тобокелчилиги жогоруу болгон кызматтарда иштегендер жана өнөкөт оорулары барлар жана коомдун аярлуу катмарындагылар алат.

Мындан сырткары, өз ыктыяры менен келген калоочуларга вакцина сайылары айтылып келет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>