Коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөө эмнеге алып келери айтылды

Коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөө эмнеге алып келери айтылды

Коронавирус инфекциясына каршы вакцина албоо оорунун жайылуусуна жана вирустун мутация болуусуна алып келет. Бул тууралуу орусиялык реаниматолог Александр Островский жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирген.

“Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча биздин өлкөнүн калкынын жарымынан көбү вакцина албайбыз деген пикирди карманат. Мен муну орто кылымдагы көз караш деп айта албайм. Бирок, элдер илдетке көп чалдыгып, вирус бир адамдан башкасына жугат, мутация болот, өзгөрөт  жана жаңы түрлөрү пайда болот», — деген дарыгер.

Островскийдин айтымында, өз калоосу менен эмдөө жүргүзүлөрүнө карабай, элдер кабыл алган чечимин аңдап билип, коронавирус менен ооруганга караганда эмдөөдөн өтүү жакшы экенин эл арасында кеңири жайылтуу керек.

“Элдин арасында бет кап такпай эле коюш керек деген пикирди кармангандар бар, бул унаа айдаганда коопсуздук курун такпай деле койсо болот дегенге окшош. Адамдар жөнөкөй эле коопсуздук эрежесин сактоо менен оору жуктуруу коркунучун 60 пайызга азайтарын түшүнбөйт”, — деген дарыгер.

Ал белгилегендей, бет кап тагуу жана социалдык аралыкты сактоо жеңил. Адам өз саламаттыгын оңой эле көзөмөлдөй алат жана сезондук инфекциялык ооруларды жеңсе болот. Бейтапканага болсо зарыл болгон учурда гана кайрылыш керек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>