Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке 134 млн сом түштү

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке 134 млн сом түштү

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган Саламаттык сактоо министирлигинин эсебине 134 млн 144 миң 130 сом тештү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, чогулган акчанын 38 млн 559 миң 300 сому медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн багытталган.

27-апрелге карата Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министирлигинин эсебине 16 млн 359 миң 993 сом түшкөн, анын ичинен 13 млн 379 миң 996 сом жумшалган.

19-мартта Каржы министрлиги тарабынан өлкө аймагында коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралар үчүн атайын эсеп ачылган. Ага колунда бар адамдар жана бир катар мамлекеттик жана  жеке менчик компаниялардын кызматкерлери айлык маянасынын эсебинен акча которуп жатышат.

Эсептердин абалы жана келип түшкөн финансы каражаттарын жумшоо тууралуу кеңири маалыматтар менен бул шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>