Коронавируска каршы күрөшүү боюнча эсепке 49,5 млн сом чогулду

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча эсепке 49,5 млн сом чогулду

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча административдик эсепке 49,5 млн сом келип түштү. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-март күнү саат 17.00 карата, Кыргызстандын аймагындагы коронавируска каршы күрөшүү боюнча кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган административдик эсепке жалпысынан 49 млн 520 миң 447 сом акча каражаттар түштү.

Ачылган эсептер:
1) Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган № 4402011000101373 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги – коронавирус боюнча иш-чаралар», БИК 440001 администрацияланган эсеби;
2) «РСК Банк» ААК
№ 1299004130020044 «COVID-19 менен күрөшүүнү колдоого акча каражаттарын чогултуу үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук казыналыгынын эсеби (сом менен)» эсептешүү эсеби, БИК 129001;
3) «Айыл Банк» ААК
№ 1352119927702865 «Ыктыярдуу төлөмдөр үчүн бирдиктүү эсеп (COVID) (сом менен)» эсептешүү эсеби, БИК 135001.

Акча каражаттарын чегерүү үчүн «14 511 100 – Мамлекеттин пайдасына алынган кирешелер» элементинин кодун пайдалануу зарыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>