Коронавируска каршы күрөшүү штабын Элвира Сурабалдиева жетектейт

Коронавируска каршы күрөшүү штабын Элвира Сурабалдиева жетектейт

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабды Элвира Сурабалдиева жетектейт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Фейсбук баракчасындагы түз эфир учурунда билдирди.

«Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабды мурда премьер-министр жетектеп келген. Эми бул штабды жетектөөнү мага тапшырып жатышат. Кийинки жумадан бул мага тапшырылып жаткан милдетти аткарууга киришем. Күндө болбосо да бат-баттан сиздерге аткарылган иштер тууралуу убакты маалымат берип турууга аракет кылам», — деди Сурабалдиева.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>